
Ош шаарындагы көчөлөрдү суу каптап жатат. Мындай жагдай өзгөчө Курманжан-Датка, Ленин жана Кулатов кичи районундагы көчөлөрдө кездешүүдө.
Тургундарынын белгилешинче көчө четиндеги арыктардан суу ашып, бул жүргүнчүлөрдүн эки тарапка өтүүсүнө тоскоолдук жаратууда.
Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын адистери жаан-чачын көп жаай баштагандан бери арыктарды тазалоо иштерин күчөтүшкөн. Ага карабай жамгыр көп жааган күндөрү суу арыктардан ашып кетип жатат.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, мындай жаан-чачындуу аба ырайы 14-апрелге чейин уланат. Бул аралыкта жамгыр жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүп жатат. Үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
Сүрөт: Эрлан Камалов
- 13.04.2017