
Ош шаарынын быйылкы бюджети 834 млн 914 миң сом болуп бекитилди. 2017-жылы да мурдагыдай эле социалдык тармакка акчанын басымдуусу бөлүнүүдө. Ал эми тургундар эң көп арызданган жол оңдоого жылдагыдан төрт эсе аз каражат каралды. Шаардагы авариялык абалдагы мектептер болсо жеңил оңдоп-түзөөдөн гана өтөт.
Башкы сүрөт: Азаттык
- 07.03.2017