Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору талкууланды

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору талкууланды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун талкуулоо боюнча жыйынга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаардык кеңешинин депутаттары катышты.

Жыйында Ош шаарынын башкы планына ылайык, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун тез арада иштеп чыгуу жана бул багытта аткарыла турган иш-аракеттерге ар тараптан көмөк көрсөтүү боюнча атайын түзүлгөн жумушчу комиссиясы менен биргеликте көйгөйлүү маселелери талкууга алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.