Ош шаарындагы Ифтар базар ишке кирди

Ош шаарындагы Орозо айында гана ишке кирчү Ифтар базарынан тамак-аштын 100дөн ашык түрүн табууга болот. Эт, сүт, дан азыктарынан жасалган тамактар, таттуулар жана табийгый суусундуктар бар. Сатуучулардын белгилешинче, бардык тамактар үй шартында жасалат. 

Ифтар базарында алуучулардын саны үзүлбөйт. Мында калаанын гана тургундары эмес, облустун райондорунан келгендер да бар. Күнүнө кеминде миңге жакын адам соода кылат.

“Бул базар жылына Орозо айында иштеп баштайт. Ооз ачарга деп үй-бүлөбүз менен келип, тамак-аштарды алып кетебиз. Тамактар даамдуу да жасалат. Ошого да келгендер көп болсо керек”,-деди базарга келген Кара-Суу районун тургуну Каракыз Аскарова.

Базарда алгач 4 гана сатуучу болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 70 тен ашат. Алар ар күнү үйдө жасаган даамдарын алып чыгып сатышат.

“Мен бул базарда 15 жылдан бери иштеп келе жатам. Ош шаарындагылар Ифтар базары деп коюшат. Балык, быжы, өпкө, уй, койдун тилдерин бышырып чыгып, сатам. Алуучулар көп”,-деди сатуу Дилфуза Ганиева.

Ифтар базары Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагында жайгашкан. Сатуучуулардын айтымында базардын иштей баштаганына 17 жылдын жүзү болгон. Иштөө мөөнөтү бир ай гана болуп, кечки саат 16:00дө башталып, ооз ачаар убакка чейин уланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.