
Ош шаарындагы Орозо айында гана ишке кирчү Ифтар базарынан тамак-аштын 100дөн ашык түрүн табууга болот. Эт, сүт, дан азыктарынан жасалган тамактар, таттуулар жана табийгый суусундуктар бар.
Тамак-аш базарына күнүнө миңге чукул адам келет. Шаардан сырткары райондордон да келгендер болот. Базарда алгач 4 гана сатуучу болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 70 тен ашат. Алар ар күнү үйдө жасаган даамдарын алып чыгып сатышат.
Ифтар базары Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагында жайгашкан. Сатуучуулардын айтымында базардын иштей баштаганына 17 жылдын жүзү болгон. Иштөө мөөнөтү бир ай гана болуп, кечки саат 16:00дө башталып, ооз ачаар убакка чейин уланат.
Бул Орозо айында гана даярдалуучу “Нишолда” тамагы.
Сүрөт: Алишер Исамов.
- 08.06.2017