
Ош шаарындагы дарыгерлерди 28 кичи автобус ташып жатат. Бул тууралуу республикалык штабтан белгилүү болду.
Кичи автобустар шаардагы 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан кызматкерлерин күнү-түнү тейлөөдө.
“Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумашка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берген. Күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгелери менен кызмат акысын албай, акысыз иштеп жатат”, – деди вице-мэр Асылбек Топчубаев.
- 27.03.2020