Ош шаарындагы 7 автотоктомо иштебей турат

Ош шаардык автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын алдында 21 автотоктомолор бар.  Бүгүнкү күндө алардын 7өө иштебей жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын экономика, каржы жана инвистиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайыпов билдирди.

“Бүгүнкү күндө муниципалдык 14 автотоктомо иштеп жатат. План бекитилип жатканда 21 токтомого ылайык сумма белгиленип калган” , – деди ал.

2016-жылы автотоктомолор дирекциясынын 1,3 млн сомдук план бекитилген. Ишкана 834 миң сом шаардык бюджетке киреше түшүргөн.

Бул пландын 40%ы аткарылбай калды дегенди түшүндүрөт. Мындан улуам эл өкүлдөрү дирекцияны жоюп салууну сунушташкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.