Ош шаарында жаштар ардагерлерден кабар алышты

Ош шаарындагы жетимишке жакын жаштар чогулуп, ардагерлерден кабар алышты. Алар белектерин тапшырып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Иш чара Ош шаардык жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

“Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар согуш ардагерлерине түрдүү суроолорун беришип, маектешишти. Ардагерлер согуш күндөгү жашоонун сүртүмдөрүн айтып, ал мезгилди сөз менен айтып жеткирүү кыйын экендигин билдиришти. Аталардын эрдиги эч качан унутулбай, жаштар үчүн өрнөк болуп жүрө берет”,-дейт жаштар комитетинин төрагасы Мелис Обозов.

 

Ош шаарында жалпысынан 15 согуштун ардагери, 36 ооруктун катышуучусу бар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.