Ош шаарында жаңы көпүрө ишке берилди

Ош шаарынын Достук аймактык кеңешиндеги Санкт-Петербург көчөсүндө жайгашкан “Кайырма” каналы аркылуу өтүүчү көпүрө жаңыланып, бүгүн, 18-апрелде ишке кирди.

Бул кезге чейинки көпүрө авариялык абалда болгондуктан, жаңы көпүрөнүн курулушу 2016-жылдын аягында башталган. Жалпы сметалык баасы 8 млн сомду түзүп, тендердик баасы 5 млн 401 миң сомго бааланган. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов жаңы көпүрөнүн акжолтой болушун каалап, Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн алдыда жасала турган иштер көп экендигин белгиледи.

“Албетте, шаарыбыздын толук кандуу ар тараптан өнүгүүсүндө дагы бир топ иш аракеттерди жасообуз абзел. Шаардык кеңештин депутаттары сиздердин көйгөйлүү маселелериңиздерди көңүл борборунда тутуп, аны чечүүнүн үстүндө иш жүргүзүүгө аракет кылып келишет. Бул көпүрө да бүтүп, депутаттарыбыз сиздерге берген убаданын үстүнөн чыгып, айткандарын далилдеп отурушат”, – деди Ормонов.

Иш чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.