Ош шаарында вирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү айыкты

Ош шаарында коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын жарымынан көбү айыгып чыкты. Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын ичинен айыккандар көбөйүп жатат. Жалпы шаар боюнча 111 адамдан инфекция аныкталса, бүгүнкү күндө айыгып чыккандардын саны 72 болду. Ооруканада жаткандардан 37 адам, тилекке каршы 2 адам бул инфекциянын айынан каза болду. Мындан сырткары обсервацияда 144 адам жатат. Алар такай дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деди шаар мэри.

Ошто 7 кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди. Тизме

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.