
Ош шаарында такси кызматтары ишин токтотот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Ош шаарында такси кызматтары толук токтотулат. Үйдөн чыкпашыңыздарды суранабыз”, -деп кайрылат шаар тургандарына мэрия.
Буга чейин шаарда коомдук унаалардын иши токтотулган. Мэрия шаарда айрым кызматтардын кызматкерлерин ташуу үчүн №1, №2 троллейбустук жана №12, №13 автобустук каттамдар күнүнө эрте менен жана кечинде каттап турарын билдирген.
- 24.03.2020