Ош шаарында ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты өтөт

Мелдеш 19-22- май күндөрү калаадагы Ахматбек Сүйүнбаев стадионунда болот. Учурда стадион даярдалып жатат. Бул тууралуу ММА жана панкратион федерациясынын жетекчиси Улукбек Омүрзаков билдирди.

Мелдешке Азиядагы 12 мамлекеттен спортчулар келишет. Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Сингапур, Түштүк Корея, Тажикстан жана Өзбекстандан спортчулардын келиши күтүлүп жатат. Ал эми Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргойт.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясы колдоо көрсөтүүдө. Кыргызстанда ММА жана панкратион федерациясы 2013-жылы түзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.