
Жаздын келиши менен кооптуу аймактарды аныктоо башталды. Бул үчүн ӨКМнен түзүлгөн комиссия Ош шаарынын аймактарын текшерүүдө. Анын жыйынтыгында шаардын аймагында 63 кооптуу делген аймак бар экени ачыкка чыкты. Анын 27си сел, суу ташкыны жүрүүчү жерлер.
ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын калкты каттоо жана аймакты коргоо боюнча башчысы Эрнест Жусуповдун айтымында, алдыда сел, суу ташкынын алдын алуу үчүн арыктар тазаланат. Анда мекеме ишканалар, жол четиндеги турак-жайлардын алдындагы арыктар казылат.
Учурда арыктарды тазалоо жана кеңейтүү боюнча техникалар камдалууда. Алгач кооптуу делген каналдар тазаланат. Андан сон шаар ичиндеги арыктарда тазалоо жумуштары аткарылат.
- 22.03.2017