Ош шаарында кароосуз балдар үчүн борбор ачылды

“Үмүт шооласы” деп аталган борбордо көчө балдарын же зордук-зомбулук кабылгандарды кайда жайгаштыруу маселелси биротоло чечилгенче 3-5 күн кармалат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Борбор Ош шаарындагы  эмгек биржасында ачылды. Мында уктоочу, эс алуучу бөлмөлөр, ашкана, жуунучу жайлар бар. Балдарга үч маал тамак берилип, алар менен тарбиячы, психологдор иштешет.

“Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды балдар үйүнө же ата-энесине кайра кайтарып берүүгө комиссиянын жана соттун чечими чыкканга чейин жайгаштырууга жай жок эле. Мына бүгүндөн тарта бул маселе чечилип  жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлердин каржылоосу менен балдарды убактылуу тарбиялоого борбор ачылды”, – дейт  Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева.

Ош шаарында кароосуз балдардын так саны жок. Ош ШИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы 17-апрелден бери үч күн бою көчө балдардын аныктоо боюнча рейд өткөрүп жатат.

“Рейддин жыйынтыгы менен канча бала кармалганы эртең белгилүү болот. Негизи алардын саны көп, бир рейдде отуздан ашык бала өспүрүм кармалат. Алар – негизинен ички мигранттардын балдары, ата-энеси ичет же ушул сыяктуу аялуу катмарда жашашат. Биз аларды аныктап, чогулган материалдар менен бирге мэриянын үй-бүлө жана балдар иштери боюнча комиссиясына жана социалдык коргоо бөлүмдөрүнө өткөрүп беребиз”, – деди өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Нүргүл Исакова.

Ош шаарында буга чейин кароосуз балдарды убактылуу кармоочу жай болгон эмес. Өспүрүмдөрдүн “тагдыры” чечилгенче аларды инспекциянын өзүндө кармап же “Боорукердик” балдар интернатына жайгаштырып келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.