Ошто дагы 2 окуучу бычакталды

Ош шаарында эки окуучу бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өздүк маалымат булактарына таянып turmush.kg басылмасы жазды.

Анда маалымдалгандай, окуя 22-февраль күнү болгон жана окуучулар шаардык ооруканага жеткирилген. Аталган окуучулар Оштогу №23 Панфилов мектеп-гимназиясынын жана А.С. Пушкин мектебинин окуучулары болушкан.

Эске салсак, буга чейин дагы Ош шаарында эки окуучу бычакталган. Алардын бири алган жараатынан улам каза болуп, экинчиси облустук ооруканага жаткырылган.

Толукталган маалымат.

Ош ШИИБ бычакталды делген 2 бала боюнча билдирүү таратты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.