Ош шаарында авто токтоочу жайлар жоюлду

Ош шаарында муниципалдык  акы төлөнүүчү автотоктомолор жоюлду. Буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, мындан ары мыйзамсыз жыйым топтогон жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат.

Эске сала кетсек, бул тармак былтыркы жылы шаардык казынага  1 млн 300 миң сом төгүшү керек болсо, анын 40 пайызы гана аткарган. Жол жээгиндеге токтомолорго ар бир коюлган унаа 20 сомдон төлөйт.  Бирок берилген дүмүрчөктө 10 сом деп жазылып жүргөнү айдоочулардын нааразылыгын жаратып келет.

Калаада жалпы 65 авто коюу жайы болсо, анын 21и муниципалдык болуп эсептелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.