Ош шаарына Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Андижандын губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Достук өткөрмө бекетинен тосуп алды.

Көчөттөр коңшулаш Андижандан экинчи борбор калаага белек катары жөнөтүлгөн. Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында делегаттар менен бирге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, аксакалдар павловния көчөтүнөн отургузушту. Алдыда 10 миң түп көчөт шаар аймагына бир күндө отургузулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.