
Ош шаарынын тургундары саат 15:00дөн баштап таза сууну колдоно башташты. Бул тууралуу “Ынтымакка” шаардык суу канал башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов кабарлады.
Айтымында, таза суу Ак-Буура дарыясынын булганышына байланыштуу токтотулган. Учурда суу чыгып, тургундар колдоно башташты. Кечки саат 18:00гө чейин шаарга толук берилет.
2-апрелде да түнкү саат 22:00дөн кийин таза суу өчүрүлгөн. 3-апрел күнү эрте мененки саат 10:00дө суу кайра берилген.
Жаз жана жай айларында жаан-чачынга байланыштуу таза суу өчүп калган учурлар болот. Ошондой эле жаз жана күз мезгилинде да оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу да суу 2-3 күнгө өчүрүлөт.
- 04.04.2017