
Бүгүн, 26-апрелде саат 18:00дөн тартып Ош шаарына суу бериле баштайт. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Байкишиев билдирди.
Анын айтымында, сууну токтотуу эки күнгө пландалган. Бирок кызматкерлердин тынымсыз эмгектенүүсүнүн натыйжасында суу бир күнгө гана өчүрүлө турган болду. Шаардыктар кечки саат 18:00дөн кийин таза сууну колдоно алышат.
Суу түтүктөрдү тазалоо жана эски куурларды алмаштыруу үчун токтотулган. Бир күн ичинде суунун башталыш тарабындагы ылайланган каналдар тазаланып, резервуарлар жууп-тазаланды.
Шаардык суу чарба башкармалыгы жылына 2 ирет, күзгү жана жазгы профилактика иштерин жүргүзөт.
- 26.04.2017