Ош шаарына 1500 видеобайкоо камералары орнотулат

Ошто “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 1500 видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын “Хуавей” компаниясы тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорунун презентациясы болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана “Хуавей” компаниясынын жумушчу тобу катышты.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров аталган долбоордун алкагында Ош шаарында аткарыла турган жумуштар жана пландар жөнүндө айтып берди.

“ Ош шаарындагы көчөлөрдүн кесилишине 1,5 миңге жакын видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Ошондой эле жер үстүнөн жана жер астынан 90 км чубалгы тартылган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэриясы “Хуавей” компаниясы менен тыгыз иш алып барат”, – деди Замир Аскаров.

Ал кошумчалагандай, “Акылдуу шаар” долбоору  жол коопсуздугуна байланышкан коррупцияны жоюу жана кылмыштардын бетин ачууда чоң жардам берет.

“Хуавейдин” өкүлдөрүнүн айтымында, компания 30 жылдан бери иштейт. Бул убакыт ичинде Европа, Африка өлкөлөрүндө жана Душанбе шаарында да бир нече долбоорлорду ишке ашырып, тажрыйба топтошкон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.