
Ош шаарында калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланды. Бул боюнча мэриянын маалымат катчысы жазды.
Ош шаарынын мэриясынын кезектеги жыйыны өтүп, ага шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрагалары катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө эки маселе каралып, талкууга алынды. Алардын биринчиси, Ош шаарындагы жол коопсуздугун бекемдөө боюнча иш-чаралары болсо, экинчиси калаанын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыкты өткөрүүнүн иш-чаралары.
Жыйында шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев үч айлыкты өткөрүүнүн пландары жөнүндө маалымат берди.
“Белгиленген үч айлыкты өз деңгээлинде өткөрүү үчүн тийиштүү кызматтардан турган атайын штаб түзүлүп, иш-чаралар бекитилди. 1-апрелге чейин гүлдөрдүн 2 млн түрүн, 44 миң түп дарактардын көчөттөрүн олтургузуп, ошондой эле газондорду өстүрүүнү пландап жатабыз. Андан тышкары шаарга караштуу арыктардын баары тазалануу алдында турат. Ар бир мекеме-ишканалар, соода-сатык түйүндөр, көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөр да калааны көрккө бөлөө үчүн салымдарын кошуп, короолоруна гүлдөрдү эгип, өз территорияларын тазалоону сунуштайбыз. ”,- деди Топчубаев.
Асылбек Топчубаев кошумчалагандай, аталган иш-чаранын аткарылышын санэпидемстанция жана экотехинспекция көзөмөлгө алат. Өз милдеттерин шалаакылык менен аткарган жетекчилерге жана жарандарга административдик чара көрүлөөрүн вице-мэр эскертти.
Асылбек Топчубаевдин маалыматында дарактарды актоо, жолдордун кесилиштери, көпүрөлөрдүн тосмолору, аялдамаларды сырдоо иштери да жүрөөрү айтылды.
- 28.02.2018