Ош шаары: Апрель айында электр энергияга болгон төлөм 5 млнго аз чогулду

Ош шаарында электр энергиясына болгон төлөмдөр 80%га аз чогулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов онлайн маалымат жыйында билдирди.

Өкмөттүн өкүлү маалымдагандай, өлкөдөү кырдаалаг байланыштуу электр энергияга болгон туум эсептелбей, төлөмдөр узартылып төлөнүүдө.

“Карантин башталгандан бери коммуналдык кызматтар өз иштерин аткарып жатат. Мындан улам элект энергияга төлөм топтоо 80 пайызга азайды. Мисалы, апрель айы үчүн бекитилген пландан 5 миллион сомдон ашык акча каражаты аз чогулду. Андыктан ишкана менен антикризистик программа иштеп чыгып, абалдан чыгуу жолдорун карап жатабыз. Эми карантин бүтсө электр энергия үчүн төлөмдөрдү толук кандуу чогулта алабыз деп үмүттөнөүз”,- деди Махаммадов.

Дүйнө: Улуу Британия вирустан каза болгондордун саны боюнча эң алдыңкы орунду ээледи

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.