Ош шаардык мэриясы 130 батирден турган үй курат

Бүгүн, 20-апрелде Ош шаардык мэриясында турак жай маселелери боюнча байкоочу кеңештин жыйыны болду. Анда Ош шаары өз алдынча турак жай куруу маселесин ишке ашыруу, “Жаңы доор” аталышындагы долбоорго курулуш иштерин уюштуруу жана жумуштарды баштоого документтерди даярдоо боюнча сөз болду.

Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулу республикада биринчи жолу Ош шаары өз алдынча турак жай курууну ишке ашыруунун алдында тураганын белгиледи.

“Шаардык мэрия куруучу үйдүн иштери июль айларында башталат. Учурда курулуш иштеринин проекттик сметалык документтери толугу менен даярдалууда. Бул долбоор үчүн Ош шаарынын Раимбеков жана Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинде 88 сотых атайын жер үлүшү даярдалган. Турак жай 9 кабаттан, 130 батирден кем эмес болуп салынат. Көп кабаттуу үй шаардык муниципалдык менчикке берилген 361 батирдин алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн каржаттын эсебинен курулат”,-деди К.Абдырахман уулу.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.