Ош: шаарды көрктөндүрүүгө салым кошкон ишканалар аныкталды

21-июнда, “Гүлдөгөн Ош аймагы – 2017” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, мыктыларды сыйлоо аземи өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамаджанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Алгач Ош шаарын көрктөндүрүүгө салым кошкон мекеме-ишканалардын көргөзмөлөрү менен таанышып чыгышты.

“Учурда Ош шаарында 900 миң түп гүл отургузулду. Ал эми жакынкы убакта анын саны 1 млндон ашат. Үч жыл аралыгында бул багытта 20% өсүү болду. Бул жалгыз мэриянын жана жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын гана эмес, жалпы шаардын көркүнө кайдыгер карабаган тургундардын эбегейсиз эмгеги деп билем”,- деди шаар мэри А.Кадырбаев.

Андан соң мыкты деп табылган беш ишканага дипломдор жана беш миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Өзгөчө кооз бакча, эң кооз көрктөндүрүлгөн саламаттыкты сактоо мекемеси, баштапкы, орто жана жогорку окуу жайлары аныкталды. Ошондой эле эң кооз көрктөндүрүлгөн көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөр, көрктөндүрүлгөн өкмөттүк, жеке ишкерлердин мекемелери аныкташты.

Белгилей кетсек, “Гүлдөгөн Ош аймагы 2017” сынагына жалпысынан 28 мекеме-ишканалар, көп кабаттуу үйлөр катышты. Анын ичинен 5 ишкана Кара-Кулжа районунан. Бул иш-чара жылда өткөрүлүп келет.

Сүрөттөрдү тарткан: Алишер Исамов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.