
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов шаар күнүнө карата шаарда эмгектенген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык Кеңешинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын ар тараптан өсүп-өнүгүүсүнө, экономикасын чыңдоого салым кошуп келе жаткан жеке ишкерлер, мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлерине Ош шаардык Кеңеши тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын күнү эртең, 5-октябрда белгиленет.
- 04.10.2019