Ош прокуратурасы: Жарандардын кайрылуулары мыйзамдуу каралууда

Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан жарандардын кайрылуулары мыйзамдуу каралып жатат. Мындай билдирүүнү Ош облусунун прокурорунун орун басары Алмаз Сегизбаев билдирди.

КРда ар бир адамдын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу укугу КРнын Конституциясы менен бекитилип, бул укукту жүзөгө ашырууга байланышкан маселелер «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынган.

Аталган мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында облусттук прокуратурада жана райондук прокуратураларда жарандарды кабыл алуунун графиги жана тартиби аныкталып, кызматтык имараттардын көрүнүктүү жерлерине илинген. Жарандарды жана алардын арыздарын кабыл алууга толук шарттар түзүлгөн.

Мындан сырткары, жарандардын кайрылууларын кароо жана жарандарды кабыл алуу маселелери прокуратура органдарынын ишмердигинин приоритеттүү тармагы болуп эсептелгендиктен, бул багытта Ош облусттук прокуратура органдары тарабынан бир топ иштер аткарылган.

Алсак, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын ичинде облусттук прокуратура органдарына жалпы 1 086 жарандардын кайрылуулары каралып, анын ичинен 704 кайрылуу чечилген. Ошондой эле 493 жаран областтык прокуратура органдарында жеке кабыл алынган.

Негизинен Ош областынын прокуратура органдарынын бул багыттагы иши, ар бир жарандын кайрылуусу өз учурунда, мыйзамдуу жана обьективдүү каралып, чечилүүсүн камсыз кылуу менен уюштурулууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.