Ош: окуучулардын спартакиадасы жыйынтыкталды

Ош шаарында окуучулардын жетимиш биринчи спартакиадасы жыйынтыкталды. Анда тандалып алынган жеңүүчү окуучулар сыйланды. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Искендер Камчиев кабарлады.

Спартакиаданын биринчи баскычы ноябрь, декабрь айларында шаардын ар бир мектебинде ич ара өтүп, мыктылар тандалган. Ал эми экинчиси мектептер арасында март, апрель айларында атайын түзүлгөн графиктин негизинде, спорттун 6 түрү боюнча уланган.

Мындан жеңип чыкан окуучулар Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага катышат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.