Ош облусунун тургундарына акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Ош облусунун аймагындагы айылдарда калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү жумуштары жүрүп жатат. Маалымат берүү өнөктүгүн Юстиция министрлигинин адистери алып барышууда. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган министрликтин адиси Чыңгыз Сайпиев кабарлады.

Айтымында, кеңеш берүү үчүн ар бир райондо борборлор уюштурулган. Ага тургундар чечилбеген суроолору менен кайрылышса болот. Борбордо бирден адис иш алып барат.

“Алыскы аймактагылар жер тилкеси, турак-жайлардын документтери сыяктуу маселелерде жооп ала албай кыйналышат. Райондун борборлорунан да алыскы аймакта жашагандарга адистер барып, түшүндүрүү иштерин алып барып жатышат. Бул калктын суроолоруна жооп берип, алардын маселелерин чечүүгө максатталып уюштурулган”,-деди Сайпиев.

Адистер кошумчалашкандай, маалымат берүү өнөктүгү мындан ары да уланат. Алыскы аймактарга да борборлорду ачуу пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.