Ош облусунун мектеп окуучуларына ысык тамак берилип жатат

Ош облусундагы 50дөн ашык мектептин окуучуларына ысык тамак берилип жатат. Бул БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Мектептерде тамак берүүнү оптималдаштыруу” долбоору менен ишке ашып жатат. Жаңы жылдан тарта ысык тамак берген мектептердин саны дагы көбөйүшү күтүлүүдө. Аталган долбоор 2013-жылдан бери иштеп, өлкө боюнча 300дөн ашуун мектеп ысык тамак менен камсыздалган.

Адистердин айтымында, мектепте берилген ысык тамак балдардын ден-соолугу үчүн маанилүү. Азык-түлүктөрдөгү пайдалуу заттарды балдар сабак учурундагы тамактануудан алышат. Балдар күндүн көп бөлүгүн мектепте өткөрүшкөндүктөн, ушул долбоор иштелип чыккан.

Ысык тамак уюштуруу демөөрчүнүн жана ата-энелерден чогулган кошумча 7 сом акчанын көмөгү менен ишке ашырылат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ашпозчуларды окутуп, байытылган ун,  мектептердин ашканаларын заманбап жабдыктар менен камсыздап беришет. Ал эми суу жеткирүү, канализация куруу жана оңдоп-түзөө тууралуу иштерге айыл өкмөтү колдоо көрсөтүшү зарыл.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Мектеп тамагын жакшыртуу” долбоору Ош облусунун 7 районундагы 50дөн ашуун мектепте иш алып барып жатат. Алардын ичинен эки мектепте азык-түлүктөрдү өздөрү өндүрүп чыгарат.  2018-жылда дагы 15 мектепти долбоорго киргизүү пландалууда.

2006-жылдан бери Кыргызстан башталгыч класстарга түшкү тамак үчүн каражат бөлүп келет. Бийик тоолуу аймактардагы мектептер үчүн ар бир балага күнүнө 10 сомдон болсо, калган райондун мектептерине 7 сомдон бөлүнөт. Быйылкы жылы эл аралык уюмдардын жардамы менен 300дөн ашык мектептер ысык тамак менен камсыз болушту. Алдыдагы 10 жылда кенже класстын окуучуларынын баарын эки маал ысык тамак менен камсыздоону мамлекет көздөп жатат.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Айдай Беделбекова

Оператор- монтажер: Арген Калыбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.