
Ош облусундагы ветеринарлар мотоциклдүү болушту. Мал доктурлардын алды 40 жылдан бери эмгектенип келгендер. Бул аралыкта транспорттун жоктугу көп эле түйшүк жаратып жүрдү.
Жалпысынан 176 мал доктур мотоцикл жана ветеринардык шаймандар менен камсыз болду. Алардын ар бири 106 миң 478 сомду түзүп, Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ал АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун негизинде ишке ашкан.
Унаа ачкычтарын Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашев ветеринарларга тапшырып, бул кадам эт-сүт азыктарынын сапатын жакшыртаарын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Ош облусунда 214 жеке менчик ветеринардык түйүндөр иштейт. Бүгүн алардын 90 пайызы мотоцикл жана ветеринардык шаймандар менен камсыздалды.
- 24.03.2017