
Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү 23-январь күнү саат 15:48де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Ак–Босого, Кызыл-Алай айылдарында 3 балл, Арча – Булак, Кичи – Алай айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- 24.01.2022