
Кечээ, 12-декабрда Ош облусунун аймагында жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, 18:22де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- 13.12.2021