
Ош облусунун аймагында үч ай ичинде 90 го жакын өрт кырсыгы катталды. Андан келтирилген чыгым 5 млн 159 миң сомду түздү. Бул тууралуу “Ынтымакка” облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынан билдиришти.
“Үч ай ичинде Кара-Сууда 25, Өзгөндө 35, ал эми Ноокат районунда 14 өрт кырсыгы катталды. Бир жаран денесинен жараат алды. Адистер ар бир аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бирок тургундардын тилсиз жоого кайдыгерлиги өрттүн келип чыгышына себеп болуп жатат”,-дешти башкармалыктан.
Адистер кошумчалашкандай, өрттүн келип чыгуусуна балдардын от менен ойноосу, электр жабдыктарын туура эмес колдонушу жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбашы себеп болууда.
Сүрөт: mes.kg
- 26.04.2017