
Жыл башынан бери аймакта 45 жер көчкү катталды, анын 28и өзгөчө кырдаал жаратты. Учурда 175 чатырда 225 үй-бүлө же 1345 адам жашап жатат деп билдиришти ӨКМден.
Алай районунда 17 , Кара-Сууда 1 үй-бүлө чатырларда баш калкалап жатат.
Өзгөн районунда жер көчкү 32 үйдү басып калды. Кырсыкка чейин 207 кожолук коопсуз жайга көчүрүлүгөн эле.
“Эскертүүлөргө карабай Аюу-Сайда жашоону уланткан 24 адам, Ничке-Сайда – 6, Шамал-Теректе 1 киши көчкү алдында калды. Алардын баарына көчүп кетүү боюнча алдын ала сунуштамалар берилген”, – деп тактап өтүштү ӨКМден.
Кыргызстанда жалпы 8 миңдей адам кооптуу аймактарда жашап жатат.
- 03.05.2017