
Ош облусунун мусулмандар казыятында диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу, мамлекеттин дин багытындагы мыйзам актылары, каттоодон өтө элек диний уюмдарды мыйзамдаштыруу жана чечүү жолдору талкууланды.
Иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКтин түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, казыяттын эмгек жамааты жана облуска караштуу райондун башкы имам хатибдери катышты.
“Терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча ДИМК менен биргеликте бир канча жерде иш-чараларды өткөрдүк. Бул иш-чараларыбыздын дээрлик бардыгында салттуу Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасын түшүндүрүп келебиз”, — деди облус казысы.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты тууралуу маалымат берип, каттоодон өтө элек диний уюмдарды мыйзамдаштыруунун зарылчылыгын айтты.
- 18.02.2021