Ош: милициянын өлүмүнө шектүүнүн жакындары депутаттарга кат жолдоду

Өткөн айдын аягында Ош шаарында болгон подполковниктин өлүмү боюнча териштирүү иштери аяктай элек. Аны өлтүрүүгө шектелип, бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү кармалган эле.

Милициядан кабарлашкандай, алгачкы тергөөнүн жыйынтыгында 44 жаштагы үй кожоюну кылмышты мойнуна алган. Азыр анын жакындары бул кылмышта шектүүнүн күнөөсү жок, кыйноо менен мойнуна алдырган деп жатышат.  Бирок милиция муну четке кагат.

Ал эми жабырлануучу тарап кылмыш жасагандарды убагында аныктап, жазага тартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдошту.

Эскерте кетсек, 23-март күнү саат 15.30 чамасында  Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен жолунда  “Митсибуси” үлгүсүндѳгү автомашинанын ичинен 44 жаштагы  ТаирбекУларовдун жансыз денеси табылган. Киши колдуу болгон Уларов ИИМдин мыйзамсыз баңги заттарды жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча Ош шаары, Ош облусу боюнча башкармалыгынын тескѳѳчү-коменданты, милициянын подполковниги болчу. Маркум 21-март күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.