Ош мэриясын жарандардын үй алдындагы жерин мыйзамсыз саткан деп айыпташууда

19-апрелде Ош шаардык мэриясынын буйругу менен  Ы.Монуев көчөсүндөгү №1 үйдүн гараждарын алып салуу иштери башталды. Жергиликтүү бийликтин бул чечимин жокко чыгаруу боюнча эки күн мурун сотко кайрылган тургундар мэриянын аракетин мыйзамсыз деп нааразылыгын билдирүүдө.

Аталган көп кабаттуу үйдүн алдында 625 чарчы метр жер бар. Анда гараждар жайгашкан.

“Бизге тиешелүү тилкени мэрия Асылбек Шермаматов деген бирөөгө сатып жибергенин билдик. Ал документти өзүнө каттаптыр. Документтерди бүтүрүүгө мэрия, архитектура жардам берген. Биз тилкеге заманбап балдар-спорт аянтчасын курганы жатканбыз. Аймакты тазалап чыктык. Эми кожоюуну чыгып, бошоткула, бул менин жерим деп жатат. Бирок Жер кодекси боюнча үй алдындагы жерди мунициапалдык жана мамлекеттик муктаждык үчүн ала алышпайт деп даана жазылган”, – дейт №1 үйдүн башчысы Антонина Дмитриевна.

Үй башчы кошумчалагандай, тургундардын колунда жир тилкесин пайдаланууну уюштуруу боюнча схемасы каралган документтердин баары бар. Бирок ага карабай, тиешелүү кызматтар “жаңы кожоюнга” мамлекеттик актыны беришкен.

Тургундардын маалыматында, мыйзамсыз сатылып кеткен жерге көп кабаттуу үй курулганы жатат.

“Биз жерибизден эле айрылбай, жашап жаткан үйүбүзгө да кооптуулук жаралат. Анткени курулуш жүрсө, жерди ныктап башташса, биздин үйдөн жаракалар кетет”, – дешет тургундар.

Нааразы болгон №1 үйдүн жашоочулары буга чейин жергиликтүү бийликке, тиешелүү мекемелерге жана прокуратурага кайрылышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес. Азыр аларга “Интербилим” уюму юридикалык жардам көрсөтүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо нааразылыгын билдирип жаткан тургундардын колунда жер тилкеге тиешелүү эч кандай документ жок экенин айтууда.

“Бизге Таир Орозбаевдин атынан арыз түшкөн. Такташтырып келсек, бул жерге гараждарды коюу үчүн тургундардын колунда автотоктомолор дирекциясынан уруксат кагаз жок болуп чыкты. Ошон үчүн гараждар алынып жатат”, – дейт  Ош шаарынын мунципиалдык менчик башкармалыгынын мыйзамсыз курулуштарды алып салуу жана мүлктү көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ашим уулу Курстан.

Ал кошумчалагандай, жер тилке көп кабаттуу үйдүн эмес, жеке адамдын карамагында. 2016-жылдын 2-ноябрында жерди аукциондон сатып алган жарандын колунда тиешелүү документтердин баары бар.

Сүрөт, видео: “Интербилим” уюму

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.