Ош: мектептерде китеп тартыштыгы чечиле элек

Ош шаарында китеп жетишсиздиги негизги көйгөй. Айрыкча орус тилдүү жана башталгыч класстарда окуу куралдары толукталган  эмес. Шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерди 60 пайызга чейин гана китеп менен камсыздай алат. Калганын ата-энелер балдарына өздөрү сатып беришет.

Шаардагы Нариманов мектеп гимназиясы 67 пайыз гана окуу куралдары менен камсыз болгон. Мындай көрсөткүч калаадагы бардык эле мектептерде кездешет. Калган муктаждыкты мектеп жамааты ата-энелердин жардамы менен чечип жатышат.

Аталган мектептин директору Феруза Шафиеванын айтымында, китепканадагы окуу куралдарынын көбү чет элдик адабияттар. Билим берүү башкармалыгы китеп жетишсиздигин жоюу максатында эл аралык уюмдар менен иштешип, адабияттар менен толуктаган. Бирок булар башталгыч класстардагы алиппе, математика сыяктуу окуу куралдарынын ордун баса албайт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Жеңиш Байзаковдун айтымында,  министрлик китеп жетишсиздиги республикалык деңгээлдеги көйгөй экенин жашырышпайт. Буга байланыштуу жакынкы жылдарда окуу куралдарын толуктоо аракетин көрө башташкан. Тагыраагы, гранттык негиздеги каражаттардын эсебинен алгачкы китептерди чыгаруу аракеттери башталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.