Ош: кыргыз тилчи жаш мугалимдерге баалуу белектер тапшырылды

Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаардык мэриясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, тиешелүү мекеме ишканалардын кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Шаар мэри мамлекеттик тил күнү өзгөчө майрам экенин белгилеп,  ар бир кыргыз жаранын мамлектик тилди өнүктүрүүгө чакырды.

“Тил улуттун байлыгы, анын көөнөрбөс мурасы, дайыма аздектеп сактап келген улуу дөөлөтү. Ошол эле учурда мамлекеттик тил улуттар аралык мамилелерди бекемдөөнүн, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоонун, өлкөнүн туруктуулугун сактоого,  өсүп-өнүгүүгө жол ачкан таасирдүү куралы экендигин билебиз. Өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүн каалаган, ага салым кошом деген ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө, мамлекеттик тилде ой жүгүртө билүүгө милдеттүү деп эсептейм”, – деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары ыйгарылды. Ошондой эле шаар мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерин тапшырды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.