Ош: Курманжан-Датка аймактык кеңешинде 75 орундуу бала бакча ачылды

Бүгүн, 11-октябрда Курманжан-Датка аймактык кеңешинде 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 10 млн 200 мин сом бөлүндү.

Ош шаарынын тургундарын мектеп, бала бакча менен камсыздоо жолго коюлуп бара жатат. Бүгүн дагы бир мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Социалдык объектилерди куруу дагы улантылат”,- деди калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев.

Акыркы төрт жылда жалпы сегиз бала бакча, тогуз мектеп пайдаланууга берилди. Ал эми Курманжан-Датка аймактык кеңешинде буга чейин бир да социалдык объектиси курулган эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.