
Сатып алууга жана ижарага берилген костюмдар дүкөнүнөн көпчүлүгүнүн кабары жок болсо керек. Анткени ачылганына аз эле убакыт болду. Анда бул жолу сиздерди шаарыбыздагы “жаңылык” менен тааныштыралы.
Сиз кандайдыр бир кечеге же болбосо досторуңуздун тоюна костюм алууга үлгүрбөй калдыңыз. Баасы асман чапчыган костюм алгыңыз келбей, айлаңыз кетти дейли. Эч кабатыр болбоңуз, бул дүкөн сизди ыңгайсыз абалдан куткарат. Анткени, аталган дүкөндөн жапжаңы костюмдарды ижарага алсаңыз болот. Кененирээк маалыматты төмөндөгү видеодон алыңыз.
- 20.04.2017