Ош: коргоого муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар акысыз аттракциондорго түшө алышат

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир катар иш чаралар өтөт. Анда социалдык коргоого муктаж, мүмкүнчүлүлгү чектелген балдар Т. Сатылганов сейил багындагы аттракциондорго атайын талондор менен акысыз түшө алышат. Ошондой эле балмуздактар, шириндиктер акысыз таратылып, мекеме-ишканалар тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлөт.

Борбордук аянтта балдар ” Менин шаарым” аттуу асфальтка сүрөт тартышат. Балдарга арналган ОшМУнун студенттеринин көргөзмөсү уюштурулат.

Т. Сатылганов атындагы эс алуу багында жайгашкан ” Жайкы театрда” балдар үчүн майрамдык чон концерт тартууланып, оюнчуктар, балмуздак, шириндиктер берилет. Балдардын спорттук, улуттук мелдештери уюштурулуп, “Дельфин” спорт мектебинин жайкы сезонунун ачылышы болот. Бул иш- чара майрамдык концерттер жана белектер менен коштолот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.