Ош: коомдук жайдагы гүлдөрдү уурдоо күч алды

Ош шаарын көрктөндүрүү үчүн эгилген гүлдөрдү уурдап кетип жатышат. Акыркы жолу мындай учур апрель айынын соңунда катталды. Калаадагы “Достук” көпүрөсүнүн четине эгилген гүлдөрдү уурдап кетишти.

Шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын адистеринин маалыматында, массалык гүл уурдоо алгачкы ирет катталып жатат. Буга чейин да мындай көрүнүштөр болуп келген. Бирок баары бир жайдан эмес, аралатып үзгөндүктөн көп деле байкалбай келген. Бул жолкусунда бир эле жерден 600дөн ашуун гүлдү уурдап кетишти. Мындай жагдайлардан улам адистер тургундарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырып жатышат.

Бул жылы калааны көрктөндүрүү үчүн 1,5 млндон ашуун гүл эгилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.