Ош: коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерип жатышат

Коомдук транспорттордун катышуусунда жол кырсыктарынын саны өскөндүктөн патрулдук милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Адистер маршруттардын ылдамдыгын жана автобустардын техникалык документтерин тыкыр көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу Ош облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө тобунунун ага тескөөчүсү Алтынбек Туркбев билдирди.

Патрулдук милиция жылына эки ирет коомдук транспортторду кароодон өткөрөт. Учурдагы текшерүүдө облус аймагындагы коомдук транспорттордун абалы текшерилип жатат. Эгерде эрежелерге туура келбегендер кездешсе админстративдик чара көрүлөт.

Эске салсак, Ош облусунун аймагында 400гө жакын коомдук транспорттук каттам бар.

Сүрөт: Kloop.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.