Ош: касапканалар менен эт сатуучу дүкөндөрдүн абалы жакшырат

Ош шаарындагы мал союлуучу жайлар менен эт сатуучу дүкөндөрдүн абалы жакшырат. Бул үчүн бир айлык текшерүү жүзгүзүлүп баштады. Көзөмөлдөө санитардык абалды жакшыртууга багытталып, базарлар да текшерүүгө алынат.

Шаардагы ветеринардык жана фитосанитардык абалды жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийлик жыйынга чогулуп, анда калаадагы абал жакшы эмес деп бааланды. Калаа башчысы көзөмөлдөөнү колго алууну тапшырып, ага бир ай убакыт берилээрин белгиледи.

Ал эми бул тармакта иш алып барып жаткан мекемелердин маалыматында учурда шаардагы 7 мал союлуучу жай бар. Алар көзөмөлгө алынып,талапка жооп бербегенине эскертүүлөр берилип турат.

Жыйында мындан сыркары мал-жандыктарын эмдөөдөн өткөрүү маселеси да каралды. Бүгүнкү күнгө чейин 1 500дөн ашуун бодо мал идентификациядан өткөнү маалым болду. Ал эми майда мал-жандыктарды эмдөөдөн өткөрүү аяктап калды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.