Ош: калктын таза сууга болгон карызы 18 млн сомго жетти

 

Ош шаарынын тургундарынын таза сууга болгон карызы 18 млн сомду түзөт. Анын ичинен үй-бүлөлүк жатаканалардагы абоненттердин карызы 8 млн сом. Тургундардын арасында 15 миң сомго чейин карыз болгондор да бар.

Ош шаардык суу чарба башкармалыгын башчысынын орун басары Таалайбек Кожоевдин айтымында, эскертүүлөргө карабай карызын төлөөдөн баш тарткан тургундар көп. 25-апрелде аларга карата рейд жүргүзүлүп, 5-6 миңден жогору карызы бар абоненттердин суу түтүктөрү кесилди.

Рейд учурунда таза сууну негизсиз сарптап жаткандар да текшерилди. Анын жүрүшүндө суу чарба башкармалыгы менен келишим жок, бак дарактарын сугарып же унаа жуучу жайларда сууну негизсиз коротуп жаткандар аныкталып, жалпы 15 акт түзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.