Ош: үй-бүлөлүк чуркоо марафону өтөт

Ош шаарында 29-апрелде үй-бүлөлүк чуркоо марафону уюштурулат. Ага бардык каалоочулар үй-бүлө мүчөлөрү менен катышышса болот. Спорттук иш чара калаадагы Токтогул Сатылганов эс алуу багында өтөт. Бул тууралуу “Ынтымактын шайыр кошуналар” программасына уюштуруучу “Инстрим” жаштар фондунун регионалдык координатору Разия Ормонова билдирди.

“Катышуучуларды саат 8:00дөн тартып каттап баштайбыз. Ар бирине бирден номур берилет. Чуркоого катышкан өспүрүмдөрдүн жашы төрт жаштан жогору болушу керек. Чуркагандан алдын спорттук көнүүгүлөрдү жасашып, андан кийин жүгүрүүгө старт берилет”,-деп белгиледи Ормонова.

Мындан сырткары, иш чарада балдар асфальтка сүрөт тартышып, флешмоб уюштурулат. Жеңүүчүлөргө болсо шаардагы спорттук залдарга жана тамактануучу жайларга жолдомолор берилет.

Спорттук иш чара сергек жашоо образын түзүүгө максатталып, калаада экинчи ирет уюштурулуп жатат.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.