
Ош шаарында ишкер аялдар өндүргөн продукциялардын жарманкеси өтүп жатат. Ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Тажикстан жана Өзбекстандан келген коноктор катышууда. Жарманке “Жер-Азыгы” ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.
“Биз ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында түрдүү иш-чараларды уюштуруп турабыз. Бул жолку жарманкеде Кыргызстандын ишкер аялдарына чет өлкөлүктөр менен иштешүүсүнө шарт түзүп берип жатабыз. Бир катар мамлекеттин ишкерлери жолугушуп, тажрыйба алмашып жатышат”,-деп белгиледи биринчи вице-мэри Замир Аскаров.
13-апрелде башталган жарманке 15-апрелге чейин болот. Анда Кыргызстандан сыркары Тажикстан жана Өзбекстандан келген ишкер айымдардын өндүргөн продукциялары да коюлууда.
- 14.04.2017