
Ош шаарында курулуп жаткан футбол академиясынын курулушу 80 пайызга аяктап калды. Обьект жай айларында пайдаланууга берилери күтүлүп жатат.
Футбол академиясына мэрия тарабынан жер бөлүнүп, ФИФАнын каржылоосу менен курулуп жатат.
Акедемияда бардык стандарттарга жооп берген төрт кичине жана эки чоң футболдук аянт бар. Анда алтымыштан ашуун футболчуну тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Учурда эки кичине футбол аянтчасы толугу менен бүтүп калды. Академия жай айларында колдонууга берилет деп болжолдонууда.
Сүрөт: Спутник
- 17.04.2017