Ош: фитосанитардык лаборатория жабдыктар менен толукталды

Оштогу ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория жаңы жабдыктар менен камсыздалды. Лабораториянын инспекциясында 6 изилдөөчү, 32 көмөкчү жабдыктар иштеп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун жетекчиси Ислам Абдымомунов билдирди.

Айтымында, буга чейин айыл чарба продукцияларынын баарын эски жабдыктар менен текшерүүдөн өткөрүшчү. Азыр болсо жабдыктар автоматтык түрдө иштеп, бир учурда 100гө жакын азыктын түрлөрүн текшере алат. Аппараттарды иштетүү ыкмаларын Орусиядан келген адистер үйрөтүп кетишкен.

Оштогу лаборатория өлкөнүн түштүк аймагынан экспорттолчу продукциялардын баарын текшерет. Алдыда ЕАЭБ талабына шайкеш келчү лабораториялар Ысык-Көл менен Таласка ушул жылдын күзүндө курулуп бүтөөрү күтүлүүдө. Мындан сырткары, Баткен облусуна да куруу пландалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.